Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:22

АКШнын чыгыш тарабындагы карлуу бороондон улам 10 штатта чукул кырдаал жарыяланды. Ишемби күнү Вашингтонго 60 сантиметрге жакын кар жаап, метро дүйшөмбүгө чейин ишин токтотту. Нью-Йорк шаарына да калың кар түшкөн. Нью-Жерси жана Делавэр штаттарында деңизден суу ташып, сел коркунучу күчөдү. Нью-Йорк, Вашингтон жана Филадельфияда төрт миңдей авиакаттам токтотулду.

Кентукки, Теннеси жана Түндүк Каролина штаттарында тайгактан улам авария көбөйүп, алты адам көз жумду. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG