Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:56

Мамлекеттик ипотека бюджеттик эмес уюмда иштегендерге да берилет


Кыргызстанда быйылкы жылдан тарта ишке кирген “Жеткиликтүү турак жай - 2015-2020” программасынын алкагында берилчү мамлекеттик ипотеканы бюджеттик мекемелердин кызматкерлери гана эмес, жеке же башка уюмдарда иштегендер да пайдалана алат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Мамлекеттик ипотека компаниясынын төрайымы Бактыгүл Жээнбаева билдирди.

Ипотекалык каржылоонун эң жогорку суммасы 3 миллион сом болот, ал эми сатылып алына турган үйдүн көлөмү 70 чарчы метрден ашпоосу керек. Айыл жерлеринде салынган үйлөр бардык архитектуралык талаптарга жооп берүүгө тийиш. Ипотеканы төлөөнүн эң узак мөөнөтү 15 жыл.

Өкмөт бул жаатта азырынча KICB, РСК жана “Айылбанкы” банктары менен иштешип жатат. (SE\BD)

XS
SM
MD
LG