Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:22

Футбол: Шериктештик кубогунда Кыргызстан 4-орунду алды


Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы (U-22) Орусияда өткөн Шериктештик кубогунда төртүнчү орунду алды. Кыргыз футболчулары 23-январда 3-орун үчүн беттеште Эстония курамасы менен ойноп, утулуп калды. Оюнга берилген негизги убакытта эсеп ачылган жок. Жеңүүчүнү аныктоо үчүн тараптар пенальти тебишип, эстон футболчулары 4:1 эсебинде жеңип алышты.

2016-жылкы Шериктештик кубогу Орусияын Санкт-Петербург шаарында 17-январдан 23-январга чейин өтүп, ага КМШ жана Балтика өлкөлөрүнөн 8 команда катышты.

Орусия курамасы финалда молдовалыктарды 4:2 эсебинде утуп жеңүүчү аталды.

Кыргызстан "А" тайпасында Беларус, Казакстан жана Молдова курамалары менен ойноп тайпада экинчи орунду ээлеп, алгачкы жолу 3-орун үчүн ойноого жолдомо алган эле.

Бул кубоктун оюндарында кыргыз футболчулары былтыр алтынчы орунду алган. Ага чейин эки жолу тогузунчу, бир жолу 12-орунду ээлешкен. (ECh)

XS
SM
MD
LG