Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:58

Кадамжайдагы автокырсыктан үч киши каза таап, отуздай киши жаракат алды


Баткендин Кадамжай районунда 23-январь күнкү унаа кырсыгында жабыркаган 17 киши учурда ооруканада дарыланып жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” райондук акимчиликтен билдиришти.

Ишемби күнү КамАЗ, “Спринтер” жана эки “Дамас” үлгүсүндөгү машинелер кагылышып, үч адам каза тапкан. Отуз адам жараат алып, райондук ооруканага кайрылган. Жарааты жеңил кишилер үйүнө чыгарылып, учурда 17 бейтап ооруканада дарыланууда. Алардын экөө оор абалда.

Каза болгондордун арасынан эки киши Өзбекстандын жараны.

Маалыматтарга ылайык, Ош шаарынан келе жаткан оор жүк ташуучу унаа Пүлгөн айылындагы бурулуштан башкаруусун жоготуп, жолдун жээгинде турган эки "Дамас" машинасын жана Ош-Баткен каттамы аркылуу жүргүнчүлөрдү ташыган кичи автобусту сүзгөн. (JsA)

XS
SM
MD
LG