Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:51

Тажикстанда коопсуздук чаралары күчөтүлдү


Тажикстанда 24-январда таң эрте коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Тажикстанда 24-январда таң эрте коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Тажикстанда 24-январда таң эрте коопсуздук чаралары күчөтүлдү. “Азаттыктын” тажик кызматы кабарлагандай, дээрлик бардык район-шаарларда күч кызматкерлери тизилип, коопсуздукка өзгөчө көңүл бурулууда. Мамлекеттик мекемелер жайгашкан имараттардын сыртында, эл көп чогулган жерлерде тартип сакчылары жайнап кеткен. Айрым жерлерге кошумча көзөмөл пункттары ачылды.

Ишембиден жекшембиге караган түнү бардык күч органдарына коопсуздукка байланыштуу тийиштүү тапшырма берилгени айтылууда. Бирок анын себептери маалымдала элек. Милиция кызматкерлери муну кезектеги пландалган даярдык иш-чараларынын бири экенин билдирүүдө. Ал эми жогорку расмий адамдар эч кандай билдирүү тарата элек.

Тажикстанда акыркы ирет коопсуздук чараларын күтүүсүздөн күчөтүү былтыр сентябрда Дүйшөмбү жана Вахдат шаарларындагы тартип коргоо мекемелерине куралдуу кол салуу жасалган учурда болгон. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG