Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:49

Кара-Сууда мечиттердеги маалымат такталары текшерилип жатат


Ош облустук казыяты Кара-Суу районундагы мечиттерде маалыматтар жазылган такталарды текшерип, алардын тууралыгын жана мыйзамдуулугун карап жатат. Адистер такталарда агымдарга азгырган билдирүүлөр бар же жок экенин текшерип чыккандан кийин тиешелүү чечимдер кабыл алынарын казыяттын басма сөз кызматы кабарлады.

Текшерүүлөр облустагы башка райондордо да жүргүзүлөт. Маалымат жетишсиз деп табылган мечиттерде салттуу диндин талаптары жазылган билдирүүлөрдү суроо-жооп тартибинде жайгаштыруу имамдарга милдеттендирилет.

Мечиттердеги маалымат такталарын текшерүү боюнча Коргоо кеңешинин чечимине ылайык, казыят өткөн жылдын соңунда буйрук чыгарган. Кыргызстандын аймагында 2200дөн ашык мечит бар. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG