Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:48

Талиптер тынчтык сүйлөшүүгө катышуунун шарттарын жарыялашты


Ооган коопсуздук күчтөрү Жалалабадда кармаган талип согушкери, 20-январь, 2016-жыл.
Ооган коопсуздук күчтөрү Жалалабадда кармаган талип согушкери, 20-январь, 2016-жыл.

15 жылдан бери созулуп келаткан урушту токтотуу максатында сүйлөшүүнү баштардан мурда коюлган талаптар аткарылыш керек, деп айтылат талиптер жарыялаган билдирүүдө. Талаптардын катарында абакта кармалгандарды бошотуу, Бириккен Улуттар Уюмунун чечими менен тоңдурулган активдерди пайдаланууга мүмкүнчүлүк берүү, лидерлердин эркин жүрүүсүн камсыздоо жана талиптердин саясий кеңсесинин расмий иштешине жол берүү бар. “Бул талаптарды аткаруусуз сүйлөшүүдө ийгиликтин болушу мүмкүн эмес”, деп белгиленген 24-январда жарыяланган билдирүүдө.

2014-жылы АКШ баштаган коалициялык күчтөр Ооганстандан көпчүлүк аскерлерин чыгара баштагандан кийин талиптер активдешип, Ооганстандын азыркы бийлигин кулатууну көздөшүүдө. Талиптер менен тынчтык сүйлөшүүнү жандантуу максатында АКШ, Пакистан, Кытай жана Ооганстан дипломаттары жолугушуулар өткөрүүдө. (AiT)

XS
SM
MD
LG