Кошмо Штаттардын Конгрессинин өкүлчүлүк палатасы өлкөнүн чыгыш жээктерин каптаган бороонго байланыштуу бардык добуш берүүлөрдү 1-февралга чейин токтотконун маалымдады. Добуш берүүлөр 26- жана 27-январга белгиленген эле. Палатадагы көпчүлүктүн лидери Кевин Маккарти 85 млн адамдын турмуш-тиричилигин токтоткон бороон Вашингтон жана Нью-Йоркко да таасирин тийгизгенин 24-январда билдирди.
Нью-Йорктун губернатору Эндрю Куомо 23-январда 11-болуп аймакта өзгөчө кырдаалдар киргизилгенин жарыялады. Нью-Йоркто бардык транспорт кыймылы токтотулуп, көпүрөлөр жабылды. Кар учурган бороон 25 кишинин өмүрүн алып, кээ бир штаттарды суу каптады. Авиакомпаниялар 7 миң каттамды учуудан калтырышты. Он миңдеген адамдар жарыксыз калышты. (AiT)