Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:52

Молдовада митингчилер өкмөттүн кетишин, жаңы шайлоо болушун талап кылышууда


Жаңы өкмөткө каршы нааразылык.
Жаңы өкмөткө каршы нааразылык.

Молдова борбору Кишиневдо өтүп жаткан митингде миңдеген молдовандар жаңы шайланган өкмөттүн кетишин жана жаңы шайлоо өткөрүлүшүн талап кылышты. Митинг орусиячыл эки партия жана европачыл антикоррупциялык кыймыл тарабынан уюштурулган. Өкмөттү колдоо үчүн 24-январга белгиленген митинги тараптардын кагылышып кетпеши үчүн токтотулду. Полициянын маалыматы боюнча, 10 даража суукка карабай 16 миң киши жарандарды биримдикке чакырган, бийликти айыптаган ураандарды көтөрүштү.

Молдова коомчулугу 20-январда өкмөт башына Павел Филиптин шайланышын саясий коррупция катары баалап, нааразылык акциясынын жаңы толкунун көтөрдү. Молдова калкы Павел Филипти жергиликтүү олигарх, Демократиялык партиянын лидери Влад Плахотнюктун куурчагы катары баалап жатат. Бирок АКШ, Европа Биримдиги жана Молдованын жакын өнөктөшү Румыния жаңы өкмөт менен кызматташарын жана европачыл реформаларды жүргүзүүгө чакырды. (AiT)

XS
SM
MD
LG