Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:19

Путин: Сириядагы соккулар канча керек болсо уланат


Путин Ставрополдо студенттер менен кездешүүдө
Путин Ставрополдо студенттер менен кездешүүдө

Орусиянын президенти Владимир Путин Сирия лидери Башар Асадга баш ийген күчтөргө колдоо канчалык убакыт керек болсо, орус авиациясы ошончолук убакыт соккуларын уланта берет деп билдирди. Ставрополдогу студенттер менен кездешүүдө мамлекет башчы Москва Асаддын аскерлерине "террорчуларды талкалоого" жардам берүүнү максат кылаарын айтты.

Путин Орусия ал өлкөнүн “мамлекеттик түзүлүшүнө, Сирия же региондогу башка өлкөлөр туш болгон проблемаларды чечүүгө аралашууга ниеттенбейт, орус куралдуу күчтөрү элге, легитимдүү жетекчиликке терроризмге каршы күрөшүүгө көмөктөшүүдө” деп билдирди.

Президенттин 25-январдагы билдирүүсүнүн алдында, жекшембиде болжол менен Орусиянын аба соккусунан Сириянын чыгышында кеминде 63 киши, анын ичинде 9 бала каза тапты.

АКШ жана НАТО орусиялык учактар Асад режимине каршы көтөрүлгөн козголоңчу топторду бутага алып жатканын ырастап келатышат.

XS
SM
MD
LG