Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:10

Орусия Сирияга аба соккусун зарылдыгына жараша уланта берет


Орусия президенти Путин Ставрополдо Улуттук фронттун жыйынында сүйлөдү, 25-январь, 2016-жыл.

Орусия президенти Путин Ставрополдо Улуттук фронттун жыйынында сүйлөдү, 25-январь, 2016-жыл.

Мындай билдирүүнү орус президенти Владимир Путин 25-январда Ставрополдо студенттер менен жолугушууда жасады. Ал Москванын көздөгөн максаты - президент Асадга “террорчуларды” талкалоого жардам берүү экенин ырастады. Путиндин сөзү боюнча, Орусиянын Сирия жана ал региондогу мамлекеттердин иштерине кийлигишүү максаты жок. Орусиянын бир гана максаты - элге, легитимдүү бийликке жардам берип, террорчуларды жок кылуу.

Орус президентинин бул сөзүнө чейин Сириянын чыгышында орус аба күчтөрүнүн соккусунан 63 киши өлгөнү тууралуу маалымат чыккан. Кошмо Штаттар жана НАТО Орусия Асадга каршы чыккан оппозициялык күчтөргө атайын сокку урууда деп айыптоодо. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG