Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:55

Гилменд провинциясында ооган аскерлеринин жетекчилери алмашылды


Ооганстандагы аскердик операциялардын кийин, 25-январь, 2016-жыл.
Ооганстандагы аскердик операциялардын кийин, 25-январь, 2016-жыл.

АКШнын аскерий өкүлүнүн билдирүүсүнө караганда, провинцияда талиптерге каршы күрөшкөн ооган күчтөрү кайрадан түзүлүп, негизги командирлер алмашылды. АКШ генералы Вилсон Шоффнер Гилменддеги Майванд 215- аскер корпусундагы жетекчилердин алмашуусу командирлердин иш билбестигине, жемкорлук жана аскер ишиндеги алешемдиктерине байланыштуу болгонун 25-январда билдирди. Оогастандын коргоо министрлиги өзгөртүүлөрдү тастыктады.

Гилменд провинциясы өткөн айда согуш талаасына айланып, талиптер бир нече районду басып алышкан. Ооганстандын расмий өкүлү талиптерге каршы Гилменд провинциясынын көпчүлүк бөлүгүндө күрөш уланып жатканын, өкмөттүк аскерлерге колдоо керектигин 20-январда билдирген. (AiT)

XS
SM
MD
LG