Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:48

Иран президенти Римде Италия менен ишкер келишимдерди түздү


Иран президенти Хасан Роухани Италиянын премьер-министри Маттео Ренци менен, 25-январь, 2016-жыл.
Иран президенти Хасан Роухани Италиянын премьер-министри Маттео Ренци менен, 25-январь, 2016-жыл.

Италиянын өкмөт башчысы Маттео Ренци президент Хасан Роухани менен жолугушууда бир нече келишимдерге кол коюлушун “эки мамлекет үчүн башталыш” катары атады. Иран президенти 25-январда Италияга эки күндүк сапар менен келип, эки мамлекет 17 млрд евродон жогору турган ишкер келишимдерге жетишти. Бул Иран президентинин ондогон жылдардан берки Европа чөлкөмүнө биринчи сапары болуп калды.

Ал Иранга салынган санкциялардын 16-январда алынышынан кийин мүмкүн болду. Хасан Роухани Францияга барганга чейин 27-январда Ватиканда Рим папасы Франциск менен жолугушмакчы. (AiT)

XS
SM
MD
LG