Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:37

Сирияда жанкечтинин чабуулунан кеминде 23 киши өлдү


Жанкечтинин чабуулунан кийин, 25-январь, 2016-жыл.
Жанкечтинин чабуулунан кийин, 25-январь, 2016-жыл.

Алардын көпчүлүгү Асадга оппозициядагы Аль-Ахрар Шам тобунун жоочулары экени маалымдалды. 25-январда Алеппо шаарында жанкечтинин автоунаа менен жардыруусунда Аль-Ахрар Шам тобунун 19 жоочусу, анын ичинде төрт командири жана төрт катардагы жаран набыт болду.

Чабуул топко караштуу Аль-Шам коопсуздук комплексине урулду. Андан үч имарат урап, аларда кармалган туткундар да өлүш мүмкүндүгү Британияда жайгашкан адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясынан кабарлашты. Аль-Ахрар Шам тобу Аль-Каиданын өнөгү Аль-Нусра фронту менен биргеликте Идлиб провинциясын башкарат. Бул чабуулга эч ким жоопкерчилик ала элек. (AiT)

XS
SM
MD
LG