Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:36

Нарын: ЖК депутаттары элди митингге чыкпоого үндөйт


Нарын шаары.
Нарын шаары.

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары бүгүн, 26-январда Нарында эл менен жолугат. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Айнура Дүйшөк кызы билдирди. Маалыматка ылайык, эл өкүлдөрү элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, митингге чыкпоого чакырат. Аймактагы жарандык активисттердин бири Эркин Асаналиев эртеңкиге белгиленген митингдин болор-болбосу жолугушуулардан кийин чечилерин “Азаттыкка” билдирди.

Буга чейин Нарын эли өкмөттүн бийик тоолуу жана алыскы аймактарга каралган жеңилдиктерди алып салуу демилгесине каршы 27-январга митинг белгилешкен. Бирок кечээ, 25-январда өкмөт башчы Темир Сариев чукул жыйын куруп, бийик тоолуу аймактардан жеңилдиктерди алып салуу боюнча мыйзам долбоорун артка чакырткан. Анда аталган долбоорго терең анализ жасалбаганын баса белгилеп, мыйзамды иштеп чыккан Социалдык өнүктүрүү министрлигине өлкө аймактарын өнүктүрүү боюнча концепция иштеп чыгууну тапшырган.(MiK)

XS
SM
MD
LG