Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:53

Тажик бийлиги интернетке көзөмөлдү колго алды


Президент Эмомали Рахмон Бирдиктүү байланыш борборун түзүү боюнча мыйзам долбооруна кол койду. Ага ылайык жыл соңуна дейре өлкөдөгү бардык байланыш операторлору менен интернет провайдерлер кардарларына өз кызматын жаңы түзүлгөн бирдиктүү борбор аркылуу көрсөтүүгө өтүшү керек.

Тажикстандагы Интернет-провайдерлер ассоциациясынын төрайымы Парвина Ибодова жаңы борбор өкмөткө каалаган учурда сайттарды жаап коюуга жол ачарын айтат. Өлкөдө соңку жылдары айрым сайттар менен социалдык тармактар, анын ичинде "Азаттыктын" тажик кызматынын сайты жана Фейсбук, Твиттер тармактары ачылбай калган учурлар болуп келген.

Былтыр ноябрда болсо тажик мыйзамчылары терроризмге каршы "операциялар" учурунда бийликке интернет менен мобилдик байланышты тосмолоп коюуга жол берген мыйзам кабыл алган.

XS
SM
MD
LG