Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:33

Депутаттар Нарын ГЭСине сарпталды делген 37 млн долларды жеринде эсептейт


Жогорку Нарын ГЭС курулушчуларына салынган жатакана.
Жогорку Нарын ГЭС курулушчуларына салынган жатакана.

Нарында ГЭС курууга жумшалды деген 37 млн долларды текшерүү боюнча депутаттык комиссия курулуш жүргөн жерге жөнөп кетти. Комиссия төрагасы Алмамбет Шыкмаматов жана “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев чыгымдарды жеринде эсептешет. Аталган комиссияга 12 депутат мүчө.

2012-жылы кыргыз жана орус өкмөттөрүнүн ортосунда макулдашуу кабыл алынган. Ага ылайык Орусия каражат бөлүп, Кыргызстанда Жогорку Нарын ГЭСтер каскады жана Камбар-Ата-1 ГЭСи курулмак. Бирок кыргыз тарап бүт милдеттенмелерин аткарганына карабастан, Орусиядан иш жылбай жатканына байланыштуу Кыргызстан бул макулдашууну жокко чыгарган.

Орус тарап ГЭСтин алгачкы курулуш иштерине 37 млн доллар коротконун ырастаган. Депутаттар курулушка 5 млн доллар да кетпегинин айтып келет. (MiK/UEz)

XS
SM
MD
LG