Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:19

Румыния Молдовага 65 миллион доллар сунуштады


Румыния Молдованы финансылык каатчылыктан колдоо үчүн 60 миллион евро (65 миллион доллар) кредит сунуштады. Бул тууралуу румын премьер-министри Дачиан Чолош бүгүн Бухарестке иш сапары менен келген Молдованын өкмөт башчысы Павел Филип менен жолугушкан учурда айтты. Бирок ал бул акча Молдова коррупция менен күрөштү күчөтүп, башка реформаларды жүргүзгөн шартта гана берилерин билдирди.

Европанын эң кедей өлкөсү Молдова былтыр октябрда Валерий Стрелет баштаган өкмөт коррупциялык чатактан улам кызматтан кеткен соң саясий кризиске кептелген эле. Өлкө парламенти 20-январда Павел Филип баштаган европачыл багытты карманган жаңы өкмөттү бекиткен. Бирок өлкөдө жаңы өкмөткө каршы жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү талап кылган акциялар токтой элек.

Эл аралык валюта корунун соңку баяндамасында Молдовада былтыр экономика 1,75 процентке кыскарган.

Молдова бийлиги 2014-жылы Москванын катуу каршылыгына карабай Евробиримдик менен ассоциация боюнча тарыхый келишимге кол койгон.

Мурдагы союздук республикалардын бири, үч жарым миллион калктуу Молдова Украина менен Румыниянын ортосунда жайгашкан.

XS
SM
MD
LG