Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:28

Тбилиси Лавровдун согушкерлер боюнча билдирүүсүн четке какты


Грузиянын расмий өкүлдөрү орус тышкы иштер министри Сергей Лавровдун "Ислам мамлекети" тобунун согушкерлери Орусиянын түштүктөгү Чеченстан республикасына жакын Панкисс капчыгайында даярдыктан өткөнү тууралуу билдирүүсүн четке какты. Грузия премьер-министринин өкүлү Зураб Абашидзе 26-январда журналисттерге Лавровдун билдирүүсү туура эместигин билдирди.

Орус тышкы иштер министри мунун алдында согушкерлер Грузиянын Панкисс капчыгайында машыгып, эс алганы тууралуу маалыматтар бар экенин айткан.

Абашидзе Панкисстен кеткен 30 адам бул жактан биротоло чыгып, Сириядагы экстремисттердин катарына кошулганын, эгер алар Грузияга кайтып келсе баары айыпталарын кошумчалады.

Грузиянын премьер-министри Георгий Квирикашвили буга чейин Тбилиси чеченстандыктар менен этникалык байланышы бар мусулмандар байырлаган Панкисс капчыгайын толугу менен көзөмөлдөп турганын билдирген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG