Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:22

Дания мигранттардын баалуу буюмдарын алуу жөнүндө мыйзам кабыл алды


Европага жер которуп келе жаткан мигранттар

Европага жер которуп келе жаткан мигранттар

Копенгаген мындай мыйзамды кабыл алуу зарылдыгын Данияга келген качкындарды каржылоо жана бюджетке түшкөн оордукту жеңилдетүү максаты менен түшүндүрдү. Мыйзам эл аралык укук коргоо уюмдарынын каршылыгына карабай кабыл алынды. Аталган мыйзамга ылайык, качкындардын колундагы 10 миң Дания кронунан ашкан акчасы жана баалуу буюмдары алынат. Ошондой эле мигранттардын жакын туугандары менен биригүүсү мурункудай бир жылдан кийин эмес, үч жылдан кийин гана мүмкүн болот. Бул мыйзамды Данияда бийликте турган центристтик-оңчул өкмөт сунуштаган, алар муну менен миграция агымына чек коюуну максат кылууда. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG