Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:20

Лавров: Орусия көз карандысыз тышкы саясаты үчүн кодуланышына жол бербейт


Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров.

Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Москва көз карандысыз тышкы саясаты үчүн Батыш тарабынан кодуланышына жол бербесин эскертти. “Бирок бир тараптуу үстөмдүккө жетишүү, көз карандысыз тышкы саясат үчүн жазалоо аракеттери азыр да жасалып жатат”, деди Лавров 26-январда өткөрүлгөн жылдык маалымат жыйынында:

-Биз Кошмо Штаттар өлчөмү, таасири, аскердик кубаты жана экономикасы боюнча аны менен салыштырмалуу түрдө болсо да атаандаштар болушуна кызыкдар эместигин түшүнүп турабыз.

Ошол эле учурда Лавров Орусия Европа жана Кошмо Штаттар менен конструктивдик негизде, бирок тең ата, эки тарапка тең ыңгайлуу шартта жана бири-биринин ички ишине кийлигишпестен кызматташууга даярдыгын белгиледи. Лавров украин чатагын жөнгөрүүдө Москва Минск келишимдерин аткарылышына кызыкдарлыгын, ал эми НАТОнун Орусияга жакын жерлерге аскердик базаларды жайгаштыруусун туура эмес деп, Москва ага каршы чара көрөрүн эскертти. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG