Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:54

Кремль АКШ каржы министрлигинин Путин боюнча айыптоосун четке какты


Орусия президенти Владимир Путин.

Орусия президенти Владимир Путин.

АКШнын каржы министринин орун басары Адам Шубин Би-Би-Сиге берген интервьюсунда Путин коррупциялашкан, анын жашырылган байлыгы эсепсиз деген. Кремль бул билдирүүнү “расмий түрдөгү айыптоо” деп, ал далилди талап кыларын эскертти.

Би-Би-Сидеги маегинде Шубин АКШнын Борбордук чалгындоо кызматынын 2007-жылы жарыяланган баяндамасында Путиндин байлыгы 40 млрд доллар деген маалыматына комментарий берген эмес. Орус президенти Владимир Путин маалымат каражаттарында анын эсепсиз байлыгы, дүйнөдөгү эң бай адам экендиги тууралуу маалыматтарды окуп жүргөнүн, бирок анын баары түккө турбаган калп экенин билдирген.

Кошмо Штаттар Украинадагы кырдаалга байланыштуу Владимир Путинге жакын ишкерлерге санкция киргизген. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG