Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:39

Екатеринбургда 13 жашар кыргыз кызы изделүүдө


Канат кызы Айганыш 4-январда дүкөнгө чыккан боюнча кайтып келген эмес.

Канат кызы Айганыш 4-январда дүкөнгө чыккан боюнча кайтып келген эмес.

Орусиянын Екатеринбург шаарында 13 жаштагы кыргызстандык кыздын дайыны 23 күндөн бери чыкпай жатат. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Канат кызы Айганыш 4-январда дүкөнгө чыккан боюнча кайтып келген эмес. Маалыматка ылайык, анын ата-энеси Кыргызстанда. Өлкөнүн Екатеринбургдагы консулу Төлөнбай Кожобаевдин айтымында, Айганыш эжесинин балдарын бакчу. Атасы түрмөдө болгондуктан насыяны жалгыз төлөгөн апасына акча жөнөтчү.

Учурда Екатеринбургдун тартип сакчылары Айганышты издөө иштерин улантып жатат. (UEz)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG