Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:19

Кыргызстандын аймагында жайгашкан Өзбекстандын Сох анклавынын айланасындагы чек ара көзөмөл бекеттери жабык турат. Анклав жашоочулары үчүн Кыргызстандын транзиттик каттамы да жабык.

Мындай маалыматты “Азаттыкка” Сох анклавынын айланасындагы кыргыз айылдарынын тургундары билдиришти.

Маалыматтарга караганда, 25-26-январь күндөрү Сохтун жашоочулары Кыргызстан менен сүйлөшүп, Өзбекстандын негизги бөлүгү менен байланыштырган жол каттамын чечип берүүнү талап кылып митингге чыгышкан жана өз талаптарын район акимине айтышкан.

Ал митингден кийин Өзбекстан анклавдын чек араларын толугу менен жапканы айтылууда. Буга байланыштуу Кыргызстандын Баткен районунун он чакты кыргыз айылы Айгүл-Таш – Согмент – Таян айланма жолу аркылуу каттап калат.

2013-жылга чейин Сох анклавы Өзбекстандын негизги бөлүгү менен Сох-Риштон жолу аркылуу байланышып турган. Үч жыл мурда Чарбак окуясынан кийин Кыргызстан Сох анклавы үчүн Кадамжай району аркылуу гана жол каттамына уруксат берген.

Баткен облусунун ичинде жайгашкан Өзбекстандын Сох эксклавында 60 миңдей калк жашайт. (JsA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG