Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:42

Аскар Акаев агасына топурак сала албайт


Аскар Акаев
Аскар Акаев

Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев көзү өткөн агасы Асанкул Акаевди акыркы сапарга узатуу зыйнатына келе албайт. Бул тууралуу Акаевдин шакирти, саясатчы Бекболот Талгарбеков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Аскар Акаев учурда иш сапар менен Францияда.

- Аскар Акаевич биз менен байланышка чыкканда келбей турууну сунуштадык. Анткени азыркы бийлик аны кармайбыз деп, чагым уюштурушу мүмкүн. Биз, шакирттери, азыркы бийлик кеткенден кийин келиңиз, ага чейин сабыр кыла туруңуз деп айттык, - деди Талгарбеков.

Талгарбеков кошумчалагандай, маркумга топурак салууга Аскар Акаевдин кичүү уулу Илим келет. Асанкул Акаев 26-январда 77 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Ал Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр палатасынын депутаты болгон.

Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев 2005-жылдагы март ыңкылабынан бери Москвада турат. Ал 2014-жылы каза болгон агасы Болот Акаевге да топурак сала алган эмес. (UEz)

XS
SM
MD
LG