Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:22

Кадыралиевден кордук көргөн Келдибаевдер президентке кайрылат


Сактан Келдибаевдин маалымат жыйыны.
Сактан Келдибаевдин маалымат жыйыны.

Бүгүн, 27-январда Жогорку сот Канжар Кадыралиевди үй камагына чыгарган райсоттун чечимин күчүндө калтырды. Буга нааразы болгон жабырлануучу өзгөндүк ишкер Сактан Келдибаев президент Алмазбек Атамбаевге кайрыларын “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, Кадыралиевди бошотуу үчүн Ак үйдөгү айрым таасирдүү адамдар сотторду кысымга алышкан.

- Кадыралиевди үй камагына чыгаруу үчүн соттордун ишине Ак үйдөгүлөр да кийлигишти. Буга бизде жетиштүү далилдер бар. Сотко таасир эткен адамдардын аты-жөндөрүн жакын арада президентке беребиз, - деди Келдибаев.

Ош шаардык прокуратурасынын мурдагы кызматкери, экс-депутат Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы Канжар Кадыралиевге бейбаштык, опузалоо жана өзүм билемдик боюнча кылмыш иши козголуп, кызматынан бошотулган. Кийин ал качып кеткендигине байланыштуу издөө жарыяланып, ооруканага түшкөндө кармалган, бирок көптөгөн айлар камакта эмес, ооруканада жаткан. Өткөн жылдын 30-ноябрында Октябрь райондук соту эч жакка кетпөө шарты менен аны эркиндикке чыгарып, шаардык сот ушул эле чечимди күчүндө калтырган.(UEz)

XS
SM
MD
LG