Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:50

Freedom House 2015-жыл глобалдык эркиндик акыркы он жылдыкта эң чектелген жыл болду деп эсептейт. Мындай бүтүм уюмдун бүгүн жарыяланган жаңы баяндамасында айтылган.

Баш кеңсеси АКШда жайгашкан бул уюмдун баамында, өткөн жылы алар иликтөөгө алган мамлекеттердин 72синде эркиндиктин деңгээли кыскарса, 43 өлкөдө кеңейди.

Быйылкы баяндаманын башкы тыянагы - Орусия менен Кытай, дагы башка авторитардык өлкөлөр “социалдык толкундоо” коркунучунан улам башкача ойлонгондорду басууну күчөткөнү.

Борбор Азияда Өзбекстан менен Түркмөнстан саясий укуктар жана жарандык эркиндиктер боюнча “жамандын жаманы” деген он өлкөнүн тобуна кошулду.

Өзү Freedom House глобалдык эркиндик жалпысынан чектелип жатканын акыркы он жылдан бери белгилеп келет.

Глбоалдык деңгээлдеги терс тенденцияга карабай, 2015-жылдын жыйынтыгы менен дүйнөдөгү 195 өлкөнүн 86сы “эркин”, 59уна “жарым-жартылай эркин”, 50үнө “эркин эмес” деген аныктама берилген.

Борбор Азиядан жалгыз Кыргызстан гана “жарым-жартылай эркин” өлкөлөрдүн катарында. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG