Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:40

Өткөн жылы Кыргызстанда 5 тоннадан ашык баңгизат колго түшүрүлгөн


Баңгизаттарын көзөмөлдөө кызматы 2015-жылы 339 кылмыштын бетин ачып, 5 тонна 128 килограмм маңзатын колго түшүргөн. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Жалпысынан баңгизатка байланыштуу коррупциялык 13 кылмыштын бети ачылып, 23 адам жоопко тартылган. Алардын 18и укук коргоо жана мамлекеттик кызмат өкүлдөрү. 2015-жылы ооган апийимин Кыргызстан аркылуу башка өлкөлөргө алып өткөн 45 транзиттик каналдын бети ачылган. (UEz)

XS
SM
MD
LG