Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:41

HRW: коопсуздук коркунучтары адам укуктарын артка сүрүүдө


Эл аралык Human Rights Watch уюму бүгүн жарыялаган баяндамасында дүйнө өкмөттөрүнө терроризмге күрөшүү же качкындар проблемасын жөнгө cалуу ишинде адам укуктарын курмандыкка чалбоону эскертти.

“Эгер 2015-жылга көз чаптырсак, биз көрүп жаткан башкы тенденция- коркунуч саясаты. Коркунуч согуш кучагындагы Сирия, Ирак, Ооганстан жана Эритерия сыяктуу репрессиялык өлкөлөрдөн качкындарды чыгарып, башкалары аларды качкындардан корккон жерлерге ташып келүүдө. Бул коркунучту саясатчылар бүткүл Европа боюнча колдонуп жатышат”,- деди “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна Human Rights Watch уюмунун Европадагы кеңсесинин медиа директору Эндрю Строхлейн.

Human Rights Watch уюмунун аткаруучу директору Кенетт Рот болсо бүгүнкү баяндаманын кириш сөзүндө “теракт коркунучу, качкындардын массалык агымы Батыш өкмөттөрүнүн көбүн адам укуктарын коргоодон кайтууга түртүп жатат”,- деп белгиледи.

Ал эми көптөгөн авторитардык өлкөлөр терроризмге жана экстремизмге каршы күрөштү өзүлөрүндө башкача ойлонгондорду жазалоо үчүн колдонуп жатат.

Баяндамада ошондой эле “Ислам мамлекети” тобунун террордук чабуулдары, качкындар кризиси исламофобиянын күчөшүнө, расизм көрүнүштөрүнүн пайда болушуна, коркунучтуу ушак-айыңдардын жайылышына алып барганы, бирок көп өкмөттөр буга талаптагыдай жооп бере албаганы да көргөзүлгөн.

Human Rights Watch ​уюмунун 650 беттен турган баяндамасында дүйнөнүн 90 өлкөсүндөгү абал иликтөөгө алынган. (UE)

XS
SM
MD
LG