Линктер

жума, 28-апрель, 2017 Бишкек убактысы 16:47

Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевдин “Азаттыка” билдиришинче, чочко ылаңынан чочулашка негиз жок. Айтымында бейтаптардын абалы жакшы, өмүрүнө коркунуч туулгандары жок.

- Чочко ылаңынан кишилер өлүп жатат, деген маалыматтар Вотсап аркылуу тарап кетиптир. Бирок бир да бейтап өлгөн жок. Биз бейтаптардын баарын көзөмөлгө алып, дарылап жатабыз,- деди Батыралиев.

Бүгүн өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев Батыралиевди кабыл алып, өлкөдөгү саламаттыкты сактоонун абалы, сасык тумоого каршы даярдык тууралуу маалымат алган.

Кыргызстанда чочко ылаңына же башкача айтканда, сасык тумоонун A(N1–H1) түрүнө кабылгандар 61ге жетти, алардын 70 пайызы 14 жашка чейинкилер. (UEz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG