Линктер

жума, 28-апрель, 2017 Бишкек убактысы 22:07

Иран президенти Хасан Роухани бул тууралуу бүгүн Римдеги басма сөз жыйынында билдирди.

Анын айтымында, “Иран АКШ менен достук мамиле орното алуусу мүмкүн, бирок мунун ачкычы Тегерандын эмес, Вашингтондун колунда”.

Хасан Роухани белгилегендей, бул үчүн АКШ Иранга карата “душманчыл” турумун өзгөртүүсү керек.

Иран президенти азыр Европада акыркы жыйырма жылга жакын мезгил ичиндеги алгачкы расмий сапары менен жүрөт.

Өлкөгө чет элдик инвестиция тартууну максат кылган сапар Ирандын талаштуу өзөктүк программасына байланышкан эл аралык санкциялар жоюлгандан кийин болууда. Иран менен Италия ортосунда 17 миллиард евролук келишимдерге кол коюлду.

Роухани бүгүн Парижге барат. Ал жерде да сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында маанилүү бизнес келишимдер түзүлөрү мерчемделген. Франция келечекте Иранга Airbus учактарынан 114 даананы сатарын ырастаары күтүлүүдө. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG