Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:44

Аба ырайы: 28-январда өлкө аймагында суук болот


27-январдан 31-январга чейинки күтүлүп аткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош жолунда (121-138, 198-265, 355-370 - чакырымдары) жана Каракол-Эңилчек жолунда (45-90 -чакырымдары), Ала-Бука-Канышкыя (62-100 чакырымдары) жана Красная-Горка-Ак-Таш (1-4 -чакырымдары) жолдорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл.

28-январда абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1...-6, күндүзү 0...-5;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2...-7, күндүзү 0...-5;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 0...-5, күндүзү 0...5;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4...-9, күндүзү 0...-5;

Нарын облусунда түнкүсүн -14...-19, күндүзү -5...-10 градус болот.

28-январда Бишкек шаарында кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 2…4° суук, күндүзгү жогорку температурасы 0…2° суук болушу күтүлөт.

XS
SM
MD
LG