Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:18

TI: Жемкорлук боюнча Кыргызстан менен Казакстан бирдей


Транспаренси Интернешнл, 2015
Транспаренси Интернешнл, 2015

Борбордук жана Түштүк Чыгыш Азия чөлкөмүндөгү мамлекеттер дүйнөдө өтө коррупциялашкан жана ачык-айкындык жок өлкөлөрдүн катарына кирди.

Коррупциянын деңгээлин иликтеген "Транспаренси Интернешнл" уюмунун баасында Ооганстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан эң коррупциялашкан өлкөлөрдүн сабында. Кыргызстан менен Казакстан бирдей деңгээлге чыкты.

2015-жылкы иликтөө улуттук өкмөттөр ачык-айкын болуп, кеңири тамыр жайган коррупцияны жоюунун үстүндө иштөө зарылдыгын көрсөткөнүн эл аралык уюм белгилейт.

27-январда жарыяланган 2015-жылдагы коррупциянын глобалдык индексинде "Транспаренси Интершенл" уюму 168 өлкөдө коомдук сектордогу коррупцияны иликтегенде аз коррупциялашкан деген Дания тизмени баштаса, тескерисинче, эң коррупциялашкан деп Африкадагы Сомали жана Түндүк Корея тизмени жабат.

Ооганстан коррупциянын деңгээли боюнча 166, Ирак 161, Түркмөнстан 156, Өзбекстан 153-орунга чыккан.

Тажикстан Нигерияга куйрук улаш 136-орунга чыкса, Кыргызстан менен Казакстандагы коррупциянын деңгээли бирдей деп табылып, 123-орунду ээледи.

"Транспаренси Интернешнл" уюмунун КМШ жана Борбор Азия боюнча координатору Светлана Савицкая шейшембиде жаңы көрсөткүчтөр боюнча маалымат берип жатып, "Борбор Азия өлкөлөрү коррупциянын көрсөткүчү боюнча тизменин төмөн жагынан орун алды, бул аймакта кеңири кулач жайган, терең тамырлашкан коррупция системалык мүнөзгө ээ экенин көрсөтөт” - деп белгиледи.

2012-жылдан бери Борбор Азия өлкөлөрүндө коррупцияны жоюуда алгылыктуу иштер болбогонун, коррупцияга каршы күрөш дымып калганын көрсөтөт. Ошол эле маалда мурдагы советтик өлкөлөрдү алсак, Орусия 119, Украина 130, Молдова 103, Азербайжан 119 жана Армения 95-орунга илинген.

"Эгер Украина коррупцияга каршы кандай реформаларды жүргүзүп жатканын карасак, алгылыктуу иш жоктугун көрөбүз. Өлкөдө саясий эрк өтө солгун, андыктан өкмөттүн коррупцияга каршы реформаны ишке ашырууда аракети сезилбейт”,- деп белгилейт Савицкая.

"Транспаренси Интернешнл" өз баяндамасында соңку жылдары Орусияда өкмөт коррупцияны тыябыз деген дымагын көрсөткөнү менен оң жылыш жоктугун дагы кошумчалайт. “Орус өкмөтү коррупцияга каршы күрөш жарыялаганы менен ушуга чейин эч кандай өзгөрүүнү, жылыштарды көргөн жокпуз. Анын үстүнө Орусияда жарандык коомду чектөө уланууда”.

Эл аралык уюмдун өкүлү Орусияда бейөкмөт уюмдар (анын ичинде "Транспаренси Интернешнл") кысымга кабылып жатканы, иликтөөчү журналисттер менен көз карандысыз медиага басым улам күчөп баратканын белгилейт. Орусияда карапайым адамдар менен сүйлөшкөндө коррупцияга каршы эч кандай алгылыктуу иш байкалбаганын айтышат.

Коррупция боюнча 107-орундагы Беларус жакында коррупцияга каршы мыйзам кабыл алып, анда кызыкчылыктар кагылышын, мамлекеттик аткаминерлердин кирешеси, байлыгы тууралуу декларацияны жөндөө жана жарандык коомду антикоррупциялык чараларга катыштыруу каралган.

“Саясий жана жарандык эркиндик чектелген өлкөдө бул мыйзамдын турмушка ашуусун көрүү кызык” деген Савицкая коррупцияга каршы жигердүү иш жүргүзүүдө көз карандысыз медианын ролу өтө барандуу экенин белгилейт.

Коррупция Молдованын саясий айдыңында биринчи маселе болуп турат. Мамлекеттик банктардан бир миллиард доллардын жоголгону өлкөнү кризиске кептеп, саясий лидерлер менен олигархтардын колу булганганын көрсөттү.

Кавказ чөлкөмүндө болсо коррупциянын индекси боюнча Грузия 48-орунду ээлеп, жалпы эле аймакта реформаларды мыкты жүргүзүп, алдына эч кимди чыгарган жок.

2014-2015-жылдары Армения менен Азербайжанда көрсөткүч өзгөрүүсүз бойдон калды.

Савицкая мурдагы советтик республикалардын ичинен Беларус, Молдова жана Борбор Азия өлкөлөрүндө саясий партиялар менен бизнес чырмалышып, кеңири кулач жайган, күчтүү саясий коррупцияны түзгөнүн айтат.

Жаңжал басылбаган Ооганстан (186) менен Пакистанда (117) коррупцияны ооздуктоо токтогон. Бул эки өлкөдө антикоррупциялык комиссиялар адегенде ишти колго алып баштаганы менен “саясий кийлигишүү менен кайсы бир күчтөрдүн” таасири болгон аракеттерди жок кылат.

2015-жылкы иликтөөдө Иран 130-орунда туруп, тизмедеги коррупция эң көп жайылган 10 өлкөнүн бири деп аныкталган.

Өткөн жылы Иракта премьер-министр Хайдар ал-Абади жетектеген өкмөттөн масштабдуу реформаларды жүргүзүүнү талап кылган нааразылык акциялары өттү.

"Транспаренси Интернешнл" уюмунун иликтөөсүндө дүйнө өлкөлөрүнүн тургундары сурамжылоого тартылып, алардын коомдогу коррупцияны кабыл алуусу аныкталат. Анын негизинде өлкөнүн коррупция боюнча индекси түзүлөт.

2015-жылкы баяндаманын корутундусунда дүйнөдө бир дагы өлкө эң мыкты көрсөткүчкө жеткен жок. Жакында эле коррупциялык чырга кабылган Дания тизмени баштап, Финляндия, Швеция, Норвегия сап башында куйрук улаш жайгашкан. Эл аралык уюм коррупция менен күрөштө алды менен саясий жетекчилик эркин көрсөтүп, каржы секторун реформалоого кеңеш берет.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG