Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:54

Оппозициячыл активист Уран Ботобеков Кыргызстандан чыгып кетти


Уран Ботобеков
Уран Ботобеков

Бул маалыматты “Азаттыкка” Ботобековдун жакындары да ырасташты. Оппозициячыл активист жана публицист өзү интернет аркылуу тараткан билдирүүсүндө: "Президент Алмазбек Атамбаев менен анын кенешчиси Икрамжан Илмиянов сын айткан эркин журналисттерди сот аркылуу миллиондогон сом айыпка жыгып, сөз эркиндиги менен адам укугун орой тебелеп жатканын менин жан дүйнөм эч качан кабылдабайт. Ак үйдүн тапшырмасы менен соттордун мага карата чыгарган мыйзамсыз чечимдерин мен такыр тааныбайм. Менин өлкөдөн чыгып кетишим «Улуттар биримдиги» партиясынын лидери Мелис Мырзакматовго, анын жакын туугандарына жана партиянын активдүү мүчөлөрүнө каршы жүрүп жаткан репрессияны кескин түрдө айыптаган саясий кадам болуп саналат", - деп белгилеген.

Буга чейин сот президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы айдоочусу жана азыркы кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун арызынын негизинде Уран Ботобековду 1,8 миллион сом айып пулга жыккан эле.

Илмияновдун арызына оппозициячыл активисттин жана публицисттин былтыр “Кабар ордо” сайтында жарыяланган маеги себеп болгон.

Былтыр октябрь айында райондук соттун чечимин шаардык сот бекиткенден кийин Уран Ботобеков Жогорку Сотко арызданарын, бирок чечим өзгөрүлөт деп күтпөсүн айткан эле. Ал эки инстанциядагы сот чечимдерин “саясий буюртма” деп атаган.

“Улуттар биримдиги” партиясына жана Улуттук оппозициялык кыймылга мүчө болгон Уран Ботобеков кайсыл бир чет өлкөдөн саясий башпаанек сурар-сурабасы азырынча белгисиз. (UE)

XS
SM
MD
LG