Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:34

Оппозициячыл активист Кыргызстандан чыгып кетти


Уран Ботобеков
Уран Ботобеков

Cот президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун арызынын негизинде Уран Ботобековду 1,8 миллион сом айып пулга жыккан эле. Активист эки инстанциядагы сот чечимдерин “саясий буюртма” деп атаган.

Оппозициячыл активист жана публицист Кыргызстандан чыгып кеткенин анын жакындары "Азаттыкка" ырасташты. Ботобеков өзү интернет аркылуу тараткан билдирүүсүндө: "Президент Алмазбек Атамбаев менен анын кеңешчиси Икрамжан Илмиянов сын айткан эркин журналисттерди сот аркылуу миллиондогон сом айыпка жыгып, сөз эркиндиги менен адам укугун орой тебелеп жатканын менин жан дүйнөм эч качан кабылдабайт. Ак үйдүн тапшырмасы менен соттордун мага карата чыгарган мыйзамсыз чечимдерин мен такыр тааныбайм. Менин өлкөдөн чыгып кетишим «Улуттар биримдиги» партиясынын лидери Мелис Мырзакматовго, анын жакын туугандарына жана партиянын активдүү мүчөлөрүнө каршы жүрүп жаткан репрессияны кескин түрдө айыптаган саясий кадам болуп саналат", - деп белгилеген.

Ботобековдун жакындары анын мекенин чукул таштап чыгып кетүүсүнө соңку кездери кылмыштуу чөйрөнүн өкүлдөрүнүн кортутуп-үркүтүүлөрү дагы себеп болгонун айтышты.

Кыргызстандан чыгып кеткен оппозициялык активист кайсы бир 3-өлкөдөн саясий башпаанек сурар-сурабасы азырынча белгисиз.

Буга чейин сот президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы айдоочусу жана азыркы кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун арызынын негизинде Уран Ботобековду 1,8 миллион сом айып пулга жыккан эле.

Сот өкүмү менен миллион сомдук акчалай доого жыгылган Уран Ботобеков өз укугун аягына чейин коргорун айтканы менен, саясий бийликке жана сотторго ишенбестигин "Азаттыкка" айткан:

- Биз мыйзам чегинде күрөшөбүз. Бирок өлкөдө сот реформасы жүрмөйүнчө, аны менен катар бийлик сотторду саясий союл катары өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн колдонуп жаткан убакта акыйкаттыка жетүү таптакыр мүмкүн эмес экенине көзүм жетти. Себеби соттор менден тышкары апамдын үйүн да камакка алып коюшту. Бул эмне деген логика, менин ишиме апамдын кандай тиешеси бар?

Былтыр октябрь айында райондук соттун чечимин шаардык сот бекиткенден кийин Уран Ботобеков Жогорку Сотко арызданарын, бирок чечим өзгөрүлөт деп күтпөсүн айткан эле. Ал эки инстанциядагы сот чечимдерин “саясий буюртма” деп атаган.

Талдоочулар Ботобеков миллион сомдук айыппулду төлөп бербесе, барып-барып абакка кесилип кетүүсү мүмкүндүгүн эскертишкен. ​

Улуттук оппозициялык кыймыл Уран Ботобековду колдоо үчүн былтыр жайында атайын акция уюштуруп, соттун доосун төлөп берүү максатында жарандардан жети сомдон жыйнай баштаган.

Ботобеков учурда чет өлкөдө баш калкалап жүргөн Мелис Мырзакматов түптөгөн “Улуттар биримдиги” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү.

XS
SM
MD
LG