Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:26

Орусиянын белгилүү REGNUM агенттиги өткөн жумадагы апталык рейтингинде Кыргызстанды Москва менен мамилеси чыңалган өлкөлөрдүн катарына кошту. Буга убадаланган инвестициялык долбоорлордун ишке ашпай калгандыгы себеп катары көрсөтүлүп, Кыргызстанда ГЭСтерди куруу боюнча өкмөттөр аралык келишимдин токтотулушу мисалга алынган.

Орусия менен мамилеси чыңалган жана жакшырган мамлекеттердин рейтингинде адистер 100 баллдык система менен Бишкекке 50 упай ыйгарган. Бул сан эки тараптуу ымаланын солгундашы боюнча Кыргызстан өткөн жумага салыштырмалуу 10 тепкичке көтөрүлгөнүн билдирет.

Жадыбалда 100 балл же ага жакын упай ыйгарылган өлкөлөр Москва менен согуштук маанайда экени айтылат. Ал эми 1ден 10го чейинки көрсөткүч жакын санаалаш дегенди түшүндүрөт.

Рейтинг боюнча Орусиядан жүзүн буруп бараткан өлкөлөрдүн сап башында Украина турат. Киевдин артында эле Сауд Арабия, Түркия, Азербайжан, Балтика жана Европа мамлекеттери.

Ал эми Москва менен ымаласын бекемдеп бараткан мамлекеттердин катарына Мисир, Иран, Сирия, Израил, Пакистан, Грузия, Армения жана Казакстан кирет.

REGNUM апта сайын Москва менен башка өлкөлөрдүн мамилесине арналган рейтинг чыгарып турат. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG