Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:14

Жемкорлукка каршы күрөш үзүрүн бере элек


Иллюстрация
Иллюстрация

Transparency International уюмунун 2015-жыл үчүн иликтөөсүнө караганда, Кыргызстан коррупция менен күрөшүүдө 136-орундан 123-орунга жылды.

Кыргызстанда коррупциялык кубулуштардын басымдуу бөлүгү мамлекеттик сатып алууларда, кадрдык орун алмашууларда, ишмердүүлүккө уруксат берген лицензияларга ээ болууда, мамлекеттик кызмат көрсөтүү тармактарында көп катталат. Мындай жыйынтыкты Кыргызстандын Коргоо кеңеши өз иликтөөлөрүнө таянып чыгарды.

Эл аралык "Tранспаренси Интернешнл" уюмунун акыркы иликтөөлөрүнө караганда, Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен Кыргызстан паракорчулукка жана коррупцияга каршы күрөшкөн өлкөлөрдүн алдыңкы тизмегине кирген. Бул уюмдун өкүлү Адылбек Шаршенбаев Кыргызстан эл аралык жана дүйнөлүк уюмдардын берген статистикалык маалыматтарынын негизинде коррупция менен күрөшүүдө Кыргызстан жыл сайын жакшы көрсөткүчтөрдү берип жатканын айтты:

- Биз Дүйнөлүк Банк, "Фридом Хаус", Дүйнөлүк экономикалык форумдун маалыматы сыяктуу коррупция менен күрөшкөн өлкөлөрдү изилдөөчү 12ден ашуун уюмдун чечимине карап, анан жыйынтык чыгардык. 2015-жылы Кыргызстандын паракорчулук менен күрөшүүдө 12-позицияга көтөрүлүшү бул мыкты көрсөткүч.

Мындай сурамжылоонун жыйынтыгы, көмүскөдө жүргүзүлгөн коррупцияга каршы күрөшүүгө дагы жаңы шык берет", - деди Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров.

- Өзүңөргө белгилүү болгондой, коррупция менен күрөштү президент өзү колго алып, бул жаатта айыгышкан күрөш жүрүп жатат. Ар бир өлкө башчы бул илдет менен күрөшөт, бирок ал канчалык деңгээлде ишке ашат, бул чоң суроо. Коррупция менен күрөш бизде сот тармагында дагы уланат. Эми мындан ары өкмөт, прокуратура, Коопсуздук кеңеши менен биргеликте байланышып, бирдиктүү иш алып барабыз.

Ал эми "Кыргыз концепт" ишканасынын башчысы Эмил Үмөталиев президенттин демилгеси колдоого аларлык экенин, бул тармакта бир топ иш-аракеттер көрүлүп жатканына оң баа берди. Ошол эле маалда коррупцияга каршы күрөш үстүртөн жүрүп, чоң паракорлор тузакка түшпөй, эгер кармалып калса, кайра эле бошонуп кетип жатканын да кошумчалады. "Өлкөгө чыныгы демократиялык система толук орномоюн, коррупция менен күрөшүү кыйын, бул убактылуу гана көрүнүш бойдон калат", - дейт ал.

- Коррупция менен күрөш жакшы эле жүрүп жаткандай элес калтырганы менен, ажыдардын куйругун кескендей эле. Орто жана ылдыйкы катмардагылар менен гана күрөш жүрүп, чоң-чоң "акулалар" бошоп кетип жатпайбы. Ар бир адамдын укугу, бизнес, сот системасындагы өзгөрүүлөр булардын бардыгы бир гана демократиялык система орногондо, советтик доордун ой жүгүртүүсү кеткенде гана биз коррупцияны жеңдик деп айта алабыз.

Коррупция дайым көмүскөдө гана жүргүзүлгөндүктөн анын чыныгы көлөмүн аныктоо өтө кыйынга турарын Transparency International уюмунун өкүлү Адылбек Шаршенбаев да кошумчалады.

Темир Жумакадыровдун 27-январдагы маалымат жыйынында билдиргенине караганда, Коргоо кеңеши мындан ары прокуратура жана Коррупцияга каршы кызматы болуп комплекстүү иштейт. 2016-жылы коррупция менен күрөшүү күчөтүлгөн режимде жүргүзүлүп, мамлекеттик мекемелер, ишканалар арасында атайын түзүлгөн жумушчу топ иш алып бармакчы.

XS
SM
MD
LG