Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:50

Кыргызстандын маалыматтык саясат концепциясы 1-июнга чейин даярдалат


Президент Алмазбек Атамбаевдин билдирүүлөрүн ТВга тартуу учуру.
Президент Алмазбек Атамбаевдин билдирүүлөрүн ТВга тартуу учуру.

Кыргыз бийлиги өлкөнүн маалыматтык саясат концепциясын төрт ай аралыгында иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түздү. Адистер азыркы шартта маалымат жыйноонун жана таратуунун күңгөй-тескейи камтылган долбоорду даярдашат.

Президентик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов 27-январда кол койгон буйрукка ылайык, 16 кишиден турган эксперттик жумушчу топ түзүлгөнүн президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөнов “Азаттыкка” билдирди:

-Жумушчу топко 1-июнга чейин сөз эркиндигинин талаптарын бузбай, ошол эле учурдамаалыматтык коопсуздук эрежелерин сактоону эске алуу менен улуттук маалымат мейкиндигин өнүктүрүү жагы жүктөлөт.

Эксперттик жумушчу топтун курамына жарандык коомдун, мамлекеттик органдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү кирди. Топту Алмаз Үсөнов жетектейт. (SE)

XS
SM
MD
LG