Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:41

Жол кырсыгынан прокуратура кызматкери көз жумду


Ысык-Көлдө жол кырсыгынан облустук прокуратурада иштеген 30 жаштагы Адилет Мухамаджанов каза болду. Ал 28-январда таңкы саат бештерге жакын өзү айдап бараткан унааны башкара албай, бакты сүзгөн учурда мерт кеткен. Кырсыкка жолдун тайгактыгы себеп болгон. Окуя Ак-Суу районундагы Маман жана Теплоключенко айылдарынын ортосунда орун алганын аталган райондун Ички иштер бөлүмү кабарлады. Унаа ичиндеги төрт жүргүнчү ар кандай деңгээлде жараат алышкан. (AsM)

XS
SM
MD
LG