Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:36

Орусия мунайдын баасын көтөрүүнү ОПЕК менен талкуулайт


Орусиянын мунай жана энергия тармагынын жетекчилери Сауд Арабия жана ОПЕК өкүлдөрү менен жолугушуп, кара майдын баасын көтөрүү үчүн өндүрүштү азайтуу маселесин талкуулоону чечишти.

Бул тууралуу кечээ "Транснефть" компаниясынын төрагасы Николай Токарев билдирди. Ал эми Орусиядагы ири компаниялардын бири "Лукойлдун" вице-президенти буга чейин Москва мунай чыгаруучулардын башын бириктирген картель менен сүйлөшүүлөрдү баштоого тийиш деген эле.

Чийки мунайдын бир баррели 2014-жылдын ортосунда 115 долларга сатылса, азыр 30 долларга түшүп кетти жана мындан мунай өндүргөн өлкөлөр чыгым тартууда. ОПЕКке кирбеген ири өндүрүүчү болуп саналган Орусиянын экономикасы муну менен бирге Батыштын санкцияларынан да жапа чегип келе жатат.

XS
SM
MD
LG