Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:24

Швеция 80 миңдей мигрантты депортациялайт


Швециядагы мигранттар.
Швециядагы мигранттар.

Швеция өткөн жылы өлкөгө келгендердин арасынан баш калка арызы четке кагылган 80 миңдей мигрантты чыгарууну көздөөдө. Ички иштер министри Андерс Йгеман “60 миңдей киши жөнүндө кеп кылганыбыз менен реалдуу сан 80 миңге чыгышы мүмкүн” – деп, өкмөт миграция кызматына аларды депортациялоо ишин уюштуруу тапшырмасын бергенин кошумчалады.

9,8 миллион эли бар Швеция калкынын сан башына карата алганда Европа биримдигинин ичинен эң көп мигрантты кабыл алган өлкө.

Былтыр скандинавиялык бул мамлекетке баш паанек издеп 160 миңден көп киши, негизинен Ооганстан, Пакистан, Ирак жана Сирия жарандары келген. Азыркыга чейин 58 миңдей мигранттын иштери каралып, алардын 55 % баш калка берүү чечими чыгарылган.

Бирок Швеция 4-январда өлкөгө кирүү боюнча жаңы шарттарды киргизгенден бери бозгундар агымы азайды.

XS
SM
MD
LG