Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:31

Омбудсмен шайлоо маселеси боюнча сот отуруму жылды


Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

Кыргызстандын акыйкатчысын шайлоодогу ачык-айкындуулук маселеси 2-февралда Бишкектеги райондор аралык сотунда каралмай болду. Бүгүн соттун алгачкы отуруму өтүп, бирок добуш берүү күнүндөгү жараяндын хронологиясы жазылган стенограмма жетишсиз болуп калгандыктан ишти кароо жылдырылганын “Азаттыкка” жарандык активист Рита Карасартова билдирди.

Омбудсмен болууга талапкерлигин коюп, бирок шайлоодо өтпөй калган Карасартова добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу талабы менен сотко кайрылган. Ал Жогорку Кеңеш депутаттары шайлоо жараянында мыйзам бузууларга жол бергенин айтып, сот аркылуу парламентти укуктук аянтка айландырууга аракет кыларын билдирген.

Жогорку Кеңеште 30-декабрда өткөн шайлоодо 3 талапкердин ичинен бийликчил КСДП жана “Кыргызстан” партиялары сунуштаган Кубат Оторбаев 63 добуш менен жеңишке жеткен. (SE)

XS
SM
MD
LG