Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:15

Орусия Түркмөнстан менен мамилелерин өнүктүрүүгө кызыкдар


Түркмөн президенти менен Орусиянын тышкы иштер министринин Ашкабаттагы жолугушуусу, 28-январь, 2016-жыл.
Түркмөн президенти менен Орусиянын тышкы иштер министринин Ашкабаттагы жолугушуусу, 28-январь, 2016-жыл.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Москва Ашкабат менен тыкыз алакаларга кызыкдар деп билдирди. 28-январда түркмөн баш калаасында президент Гурбангули Бердымухаммедов менен жолугушууда министр Орусия терроризм, нарко аткезчилик, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштө кызматташууга даяр экенин билдирди.

Бердымухаммедов эки өлкө ортосундагы транзит корридорун өнүктүрүүнүн "чоң келечеги" бар деп белгиледи. Президент ошондой эле орус лидери Владимир Путинге Түркмөнстанга келип кетүү чакыруусун жолдоду.

Хьюман Райтс Уотч эл аралык уюмунун маалыматына ылайык, жаратылыш газына бай борборазиялык бул жумурият адам укуктары басмырланган дүйнөдөгү эң репрессивдүү өлкө бойдон калууда. Бердымухаммедов 2012-жылы жогорку кызматка кайра шайланган. Президент, жакындары жана айланасындагылар коомдук турмуштун бардык тармактарын бекем көзөмөлдөшөрүн укук коргоочулар айтып келатышат.

XS
SM
MD
LG