Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:46

Аутист балдар үчүн президенттик фонддон 1 млн сом бөлүндү


Аутист балдарды колдоо жана социалдык коргоого алуу боюнча түзүлгөн “Колмо кол” фондуна президенттик аппараттан 1 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Биринчи айым Раиса Атамбаева аутист балдардын “Күлкүңдү бөлүш” деген аталыштагы көргөзмөгө бүгүн президенттин атынан барып катышты. Ал көргөзмөгө аутист балдар тарткан сүрөттөр коюлган.

2015-жылдагы маалыматтар боюнча, Кыргызстанда 120дай бала аутист деген диагноз менен каттоого алынган. Бейрасмий маалыматтарда дартка кабылгандар мындан көп экенин адистер белгилешет. (SE)

XS
SM
MD
LG