Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:47

Иран жана француз президенттери Парижде жолугушат


Иран лидери менен француз өкмөт башчысы Мануэль Вальс менен. 28-январь, 2016

Иран лидери менен француз өкмөт башчысы Мануэль Вальс менен. 28-январь, 2016

Ирандын президенти Хасан Роухани бүгүн түштөн кийин Парижде француз мамлекет башчысы Франсуа Олланд менен сүйлөшүү өткөрмөкчү. Ага чейин Иран лидери менен француз өкмөт башчысы Мануэль Вальс, тышкы иштер жана экономика министрлери менен кездешти. Иран жана Франция өкүлдөрү бир катар келишимдерге, анын ичинде Airbus учактарын, "Пежо" жана "Рено" компанияларынын машиналарын сатып алуу боюнча келишимдерге кол коюшту.

Роухани жана ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен өкмөт мүчөлөрүнөн куралган ири делегация Парижге кошуна Италиядан келген. Римде да бир нече экономикалык келишимдерге жетишилди.

Ядролук программа боюнча макулдашуунун шарттары аткарылганы бышыкталгандан кийин Иранга киргизилген эл аралык санкциялар алынып салгандан бери Ислам жумурияты башка өлкөлөр, асыресе Европа менен мамилелердин жаңы барагын ачууга аракеттенүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG