Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:04

Президенттик аппарат Ботобековдун өлкөдөн кетишин жеке кызыкчылыгы менен байланыштырды


Уран Ботобеков
Уран Ботобеков

Оппозициячыл активист жана публицист Уран Ботобековдун чет өлкөгө баш калка издеп чыгып кетишин президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөнов сындап, чындыкты бурмалаганы үчүн ушундай жагдайга туш болгонун “Азаттыкка” билдирди.

"Ботобеков чындыкты бурмала сүйлөп, дайыма өз кызыкчылыгын ойлогон адам. Бул жолу да кандайдыр бир макам алуунун амалын ойлоп жатса керек” деди Алмаз Үсөнов.

Ботобеков Кыргызстандан чыгып кеткенин, азыр Түркияда экенин, андан ары башка мамлекеттен башпаанек алуу аракетинде жүргөнүн анын жакындары билдиришкен.

Өлкөдөн чыгып кеткенин айткан Уран Ботобеков өзү "президент Алмазбек Атамбаев менен анын кеңешчиси Икрамжан Илмиянов сын айткан эркин журналисттерди сот аркылуу миллиондогон сом айыпка жыгып, сөз эркиндиги менен адам укугун орой тебелеп жатканын менин жан дүйнөм эч качан кабылдабайт" деп билдирген.

Буга чейин сот президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы айдоочусу жана азыркы кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун арызынын негизинде Уран Ботобековду 1,8 миллион сом айып пулга жыккан. Буга активисттин былтыр “Кабар ордо” сайтында жарыяланган маеги себеп болгон. Анда публицист Илмияновду сындаган пикирлерин билдирген.

Ботобеков муну сөз эркиндигине кысым деп атап келет. (SE\TSh)

XS
SM
MD
LG