Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:04

Кытайда тажик жаранын өлүм жазасына тартуу өкүмү аткарылды


Кытайда маңзат аткезчилиги үчүн соттолгон тажик жаранын өлүм жазасына тартуу өкүмү аткарылды. Анын алдында тажик элчилигинин өкүлүнө 51 жаштагы Хасан Юсуфовго жолугушуу уруксаты берилди. Ал 2011-жылы Шинжаң автономиялуу аймагынын борбору Үрүмчүдө кармалган.

"Тажик бийликтеринин өлүм жазасын жумшарттыруу аракеттеринен майнап чыккан жок", - деп билдирди Тажикстан тышкы иштер министрлигинин өкүлү. Расмий маалыматка ылайык, учурда Кытайдын түрмөлөрүндө 16 тажик жараны отурат. Төртөө жогорку жазага өкүм кылынса, бешөө өмүрүнүн аягына чейин кесилген.

XS
SM
MD
LG