Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:32

Иран Франциядан 118 учак сатып алат


Хасан Роухани менен француз президенти Франсуа Олланд
Хасан Роухани менен француз президенти Франсуа Олланд

Ирандын президенти Хасан Роухани франциялык Airbus компаниясынан жүргүнчү ташыган 118 учак алуу келишимине кол койду. 22 миллиард евролук келишим Иранга каршы киргизилген эл аралык экономикалык санкциялар толугу менен алынгандан кийин ишке ашырыла баштамакчы. Бул тууралуу Парижде Роухани менен француз президенти Франсуа Олланд катышкан салтанатта айтылды. Анын алдында франциялык "Пежо-Ситроен" жана ирандык "Ходро" компаниялары 2017-жылдан тарта биргелешип Тегерандын сыртында жылына 200 миң унаа чыгара башташаары тууралуу макулдашышкан.

Франциялык ишкер чөйрө өкүлдөрү алдында сүйлөгөн Роухани Иран Чыгыш менен Батыштын жанданган соодасы үчүн “эң ыңгайлуу аянтча” болуп бере алат деп, санкциялар токтотулгандан кийин Ислам жумуриятынын банк эсептерине чектөөлөрдү тезирээк алууга чакырды.

Франциянын премьер-министри Мануэль Вальс эки өлкө буга чейинки кастыкты унутуш керек, “Франция Иран үчүн ачык”, “Иран Францияга таянса болот” деди.

XS
SM
MD
LG