Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:01

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму зика вирусу боюнча чукул жыйынды 1-февралда өткөрөт


Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (WHO) жетекчиси Маргарет Чан зика вирусу “тез жайылып жатканын” эскертип, көз карандысыз адистердин катышуусунда чукул жыйын өткөрүлөөрүн билдирди. Эксперттер эл аралык алкакта өзгөчө кырдаал жарыялоо маселесин чечишмекчи. Жыйын 1-февралда болот. Чиркейден жуккан бул илдет ымыркайлардын мээсинин жабыркашына алып келет. Оору Кариб бассейниндеги өлкөлөрдө, Латын Америкасында, өзгөчө Бразилияда көп катталууда. Августта Жайкы Олимпиданы кабыл алууга даярданып жаткан ал өлкөдө былтыркы октябрдан бери 4 миңге чукул наристенин диагнозу тастыкталды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG