Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:56

Турак жайларды камсыздандыруучу мамлекеттик уюм түзүлөт


Мамлекеттик мүлк фондунун алдында түзүлө турган уюмдун уставдык капиталы 50 млн. сом болорун өкмөттүн маалымат катчысы Бакыт Асанов 28-январда билдирди:

- Учурда мамлекеттик камсыздандыруу уюмун түзүү боюнча бардык иштер аткарылып бүтүп калды. Анын уставдык капиталы 50 млн. сом болот. 1-февралдан тарта ал ишке кириши керек.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча республикада 295 миң квартира, 847 миңден ашуун жер үй жана 3 миң 469 барак үлгүсүндөгү үйлөр бар. Шаарларда үй жана квартираларды камсыздоо үчүн жылына 1200 сом, айылдарда 600 сомдон төлөнөт. Камсыздандырылган үйлөргө табигат кырсыгы, өрттөн зыян тарткан учурда 500 миң сом төлөнүп берилери кабарланган. (AiT)

XS
SM
MD
LG